Жарыяланган
2025-13-08, 18:11Товарлардын эркин өтүшүнө расмий түрдө эч кандай тоскоолдуктар жок болгону менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бизнеси жүктөрү чек арада узакка кармалган жагдайга туш болуп, каржылык чыгым тартып жатышат. Бул тууралуу Ысык-Көлдөгү "Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киргенине 10 жыл" аттуу конференцияда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башчысы Артём Новиков билдирди.
Новиковдун айтымында, экономисттер мындай жагдайлар бирликтүү экономикалык аймакты түзүү идеясына доо кетишет. Аны менен бирге ал нерселер ички рыноктун өсүшүнө тоскоол болуп, атаандаштык чөйрөнү түзүүгө кедерги жаратат.
Маселени чечүү үчүн уюмга мүчө өлкөлөр координацияны күчөтүп, эрежелер бардыгына бирдей иштеши үчүн көзөмөл органдарынын ишин жөнгө салышы керек.