
Жарыяланган
2025-17-11, 14:28Быйыл январь-октябрь айларында Кыргызстандагы өнөр жай ишканалары 595 млрд сомдук дүң продукция өндүрдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 9.8%га өскөн. Алтын кендерин эсепке албаганда, өнөр жайдын көлөмү 21%га жогорулады.
Өсүш көбүнчө фармацевтика, тамак-аш (суусундуктарды кошкондо), тамеки, резина, пластмасса жана курулуш материалдары, жыгач жана кагаз буюмдары, химиялык продукциялар, кийим-кече өндүрүүдө байкалган. Ошондой эле пайдалуу кендерди казуу да 17.1%га өскөн.
Бирок негизги металлдарды өндүрүү 3.8%га азайган.
