akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-30-04, 14:29

    Нургүл Аднаева саламаттык сактоо министринин орун басары болду

    Нургүл Аднаева саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

    Дайындоо тууралуу документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

    Нургүл Аднаева буга чейин саламаттык сактоо министринин кеңешчиси, өкмөттүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти, Кыргызстан эл аралык университетинин Эл аралык медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси жана башка бир катар кызматтарда иштеген. 


    Тектеш материалды окуу