Жарыяланган
2025-09-06, 13:412025-жылдын башынан тарта Кыргызстандагы коммерциялык банктардагы депозиттердин жалпы көлөмү 76,6 млрд сомго өсүп, апрель айынын аягында дээрлик 688 млрд сомго жетти. Январь айына салыштырмалуу өсүш 12.5%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Жарандар акчаны депозитке негизинен сом менен салышат. Сом менен салынган депозиттер жыл башынан бери 70.6 млрд сомго көбөйүп, 427.7 млрд сомго жеткен. Бул жалпы депозиттердин 62%ын түзөт.
Ал эми чет элдик валютада сакталган депозиттер анча көп өскөн эмес. Төрт айда ал болгону 6 млрд сомго көбөйүп, 260,2 млрд сомду түзгөн.