
Жарыяланган
2026-30-01, 15:31Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гемотология борборунда бейтаптар нур менен дарылануу үчүн бир-эки жумалап кезек күтүүгө мажбур. Бул тууралуу Акыйкатчы Институту билдирди.
2025-жылдын август айында мониторинг учурунда 34 адам кезекте турган. Себеби үч аппараттын экөөсү иштен чыгып, дарылоо эски “Бабатрон” аппараты менен гана жүргүзүлгөн.
Дарыгерлер белгилегендей, бул абал бейтаптардын ден соолугуна коркунуч жаратып, айрым учурларда өлүмдүн көбөйүшүнө алып келүүдө. Нур терапия аппараты болгону ушул ооруканада гана бар, аймактардан бейтаптар Бишкекке келишет.
Акыркы беш жылда рак илдети аныкталган бейтаптардын болгону 25.6%ы гана нур терапиясын ала алган. Эл аралык стандартка ылайык, 300 миң жаранга бир аппарат болушу керек; Кыргызстан үчүн кеминде 20 аппарат зарыл. Азыр 325 бейтап дарыланып жатса, каттоодо 35 миңден ашык адам турат.
Мониторинг учурунда нурдан коргоочу каражаттар (термопластикалык каражаттар), аппараттар (УЗИ-аппараты, маммограф), системалар да ( эндоскопиялык жана лапароскопиялык) жетишсиз экени аныкталган.
Онкологияга бөлүнгөн каражат дээрлик жетишсиз. 2018-2024-жылдары 3 млн сомдон гана бөлүнсө, былтыр 800 млн сом берилген. Бирок аталган борбордун айтымында, муктаждыктардын барын жабууга 4.5 млрд сом керек.
Ошондой эле, ооруканада рак илдетин дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармектер жок. Аларды бейтаптар өздөрү сатып алышат. Борборду дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн кеминде 2.5 млрд сом керек.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мыйзам бузууларды жоюу боюнча сунуштамаларды Министрлер Кабинетине, Каржы жана Саламаттык сактоо министрликтерине жана "Кыргызфармацияга" жөнөткөн.
