
Жарыяланган
2026-13-01, 11:58Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштери 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Орто-Токой ГЭСинде курулуш иштери бекитилген графикке ылайык активдүү уланууда.
Эске салсак, Орто-Токой ГЭСинин кубатуулугу 21 МВт.
Болжол менен курулуш иштери 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аяктайт.
