Akchabarsearch
Орунбеков Бекешовдун Ботаникалык бакта футбол аянтчасын курууга каршы пикирине жооп берди

Жарыяланган

2026-14-01, 17:32

Орунбеков Бекешовдун Ботаникалык бакта футбол аянтчасын курууга каршы пикирине жооп берди

Президенттик администрациянын маалымат кызматын эми журналист Дайырбек Орунбеков депутат Дастан Бекешовдун Ботаникалык бакта футбол аянтчасын курууга каршы пикирине жооп берди. Бул тууралуу Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

 Ал Ботаникалык бактын мурдагы абалына токтолду.

“Ботаникалык бактын абалы мурда кандай эле? Кароосуз калып, бактары куурап, сугат системасы иштен чыккан, ичинде жырткыч жаныбарлар, чөөлөр аралап, сейилдеп баса турган жолдору караңгы, кечкисин кылмыштуу окуялар катталган аймакка айланып калбады беле?” – деп жазды Орунбеков.

Орунбеков шаардыктардын суранычы эске алынып, таштак, эч кандай бак өспөгөн жерине ден соолукту чыңдоочу аянтча курулуп жатканын белгиледи.

“Анын ичинде мини футбол аянтчасы дагы бар. Дастан Бекешов мына ушуну айтып, каршы чыгып жатат. Мини футбол аянтчасына жаштар келип машыгат, ойнойт, андан түшкөн каражат кайра эле ошол бакчаны тейлөөгө кеткен муктаждыктарга жумшалат. Оңдоо иштери жай айына чейин бүтөт, ошондо мурдагы абалы менен, кийинки жыйынтыгын салыштырып көрүп, анан баа бересиздер. Ага чейин жумурткадан кыр издеп каршы чыга берген орунсуз деп эсептейм”, - дейт ал.


Тектеш материалды окуу