Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-10-09, 13:47

Ош шаардык клиникалык ооруканасына 5 млн долларлык жабдуулар берилет

Ош шаардык клиникалык ооруканасына жаңы медициналык жабдуулар берилет. 

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, аппараттар Кытай грантынын алкагында алынат. Жабдуулардын жалпы суммасы 5 миллион долларды түзөт. 

Ошондой эле учурда ооруканада жаңы клиникалык-диагностикалык бөлүм курулуп жатат. Ишти сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Бөлүмдүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен 53 млн сом бөлүнгөн.


Тектеш материалды окуу