Akchabarsearch
Ош шаарына электр автобустарды сатып алуу үчүн 23 млн евро насыя жана грант алынганы жатат

Жарыяланган

2026-27-05, 17:51

Ош шаарына электр автобустарды сатып алуу үчүн 23 млн евро насыя жана грант алынганы жатат

Ош шаарына электр автобустарды сатып алуу үчүн 23 млн евро насыя жана грант алынганы жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында айтылды. 

Каржы министринин орун басары Нурбек Акжоловдун айтымында, 23 млн евро Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынганы жатат. Аталган сумманын 14.74 миллиону насыя, 8.26 миллиону грант болуп саналат. Насыя 15 жылга алынып жатат, үч жыл жеңилдетилген мөөнөт берилет. 

Бул акчага Ош шаарына 46 электр автобус сатып алып, Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын депосун оңдоп-түзөө, азыркы троллейбус линияларын оңдоп-түзөө, жаңысын салуу пландалууда. 

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев билдиргендей, алар жанагы 14.74 млн евро насыяны 3.46-3.83% менен алып жатат. Кредит 2029-жылдан тарта кайтарыла баштайт. Мэрия Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына 1.2 млн евро үстөк пайыз төлөп бериши керек болот: ошондо насыя менен үстөктү кошкондо жалпы 15.96 млн евро кайтарылат
 


Тектеш материалды окуу