
Жарыяланган
2026-20-10, 09:31Ош шаарынын аймагында 69.76 гектар жер тилкесинде "Агро өнөр жай комплекси" курулат. Учурда комплексти ишке киргизүү үчүн 1 млрд сомдон ашык инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Комплекс 18 лотко бөлүнүп, эт-сүт багытында мал багуу үчүн сарайларды жана эт-сүт азыктарын кайра иштетүүчү агрардык өнөр жай ишканаларын курууга фермердик чарбаларга жана ишкерлерге ижарага берилет.
Долбоор ишке ашканда 980ден ашык адам туруктуу жумуш оруну менен камсыз болот.
Ошондой эле учурда Ош шаарынын мэриясы тарабынан "Коңур-Жаз" участогунда көлөмү 20 000 м³ болгон суу кампасы курулууда.
Суу кампа ишке киргенден кийин "Агро өнөр жай комплекси" менен бирге 400 гектар кайрак жер шарттуу сугат жерине айланып, тоют маселесин чечүүгө шарт түзүлөт.
