
Жарыяланган
2026-05-03, 09:13Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен Ак-Буура дарыясынын жээгине рейд жүргүздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Рейддин жүрүшүндө шаар башчысы дарыянын эки жээгин комплекстүү өнүктүрүү боюнча маанилүү тапшырмаларды берди.
Анын алкагында 7 чакырым веложол жана тротуар куруу, ошондой эле 10 гектардан ашуун аймакты көрктөндүрүп, жашылдандырып, заманбап парк жана скверлерди куруу боюнча тапшырмаларды берди.
Аталган долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртууга, айлана-чөйрөнүн көркүн арттырууга жана жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.
