
Жарыяланган
2026-14-01, 13:05Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык “Лотос” жана “Алтын уя” балдар үйүнөн тарбияланып чыккан жаштарды турак жай менен камсыз кылуу үчүн 28 батирден турган көп кабаттуу үй курулууда.
Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Батирлер балдар үйүн бүтүргөндөргө 10 жылдык мөөнөткө акысыз берилет.
2025-жылы аталган балдар үйлөрүнөн 15 бала тарбияланып чыккан. Ошондой эле жакын арада дагы 9 бала бүтүрөт. Көп кабаттуу үйдүн курулушу жакынкы айларда толук бүтүп, пайдаланууга берилери пландалууда.
