Akchabarsearch
Ош шаарында заманбап Перинаталдык борбор курулат
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-12-09, 15:03

Ош шаарында заманбап Перинаталдык борбор курулат

Саламаттык сактоо министрлигинде "Чайна Роуд" курулуш компаниясы менен Ош облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын аймагында перинаталдык борборду куруу боюнча келишимге кол коюлду. 

Курулуш иштери 2.5 жылда аякташы күтүлүүдө.

"Биз подряддык уюмдан бардык техникалык талаптарды жана сапат стандарттарын так сактоону күтөбүз. Куруу иштери жогорку деңгээлде аткарылып, объект белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берилүүгө тийиш. Министрлик курулуштун жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөйт"-деди министрдин биринчи орун басары Манас Токтомуратов.

Жаңы борбор 150 орунга эсептелип, анын ичинде:
•    төрөттөн кийинки — 60 орун,
•    кош бойлуулуктун патологиясы — 38,
•    чоңдор үчүн жандандыруу — 7,
•    калыбына келүү — 5,
•    жаңы төрөлгөндөрдүн жандандыруу бөлүмү — 28,
•    эне-баланын бирге жатуусу — 16,
•    төрөт блогу — 12 орунду түзөт.

Перинаталдык борбор акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык жардамдын сапатын жогорулатууга жана регионалдык медициналык тейлөөнү жакшыртууга шарт түзөт.

Белгилей кетсек, бул долбоор Кыргыз Республикасы менен Германия Өкмөтүнүн ортосундагы 2018-жылдын 13-декабрында кол койгон Финансылык кызматташтык тууралуу келишимдин негизинде ишке ашууда.
 


Тектеш материалды окуу