Akchabarsearch
Ошто 13.5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Жарыяланган

2026-10-08, 16:29

Ошто 13.5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагында жаңы перинаталдык борбордун курулушу уланууда. Долбоордун жалпы наркы 13.5 млн еврону түзөт.Борбор Германиянын Өнүктүрүү банкы (KfW) тарабынан гранттык келишимдин алкагында каржыланууда.

Учурда объекттин курулуш даярдыгы 10%ды түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, күн сайын курулуш аянтында 30дан 70ке чейин адис иштеп жатат.

Борбордун курулушун 2028-жылдын IV кварталында аяктоо пландалууда.

Жаңы перинаталдык борбор 249 орунга эсептелген. Ишке берилгенден кийин түштүк аймактагы кош бойлуу аялдарга, төрөт учурундагы аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.

Ошондой эле медициналык мекеме гранттык каражаттын эсебинен заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалат.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев долбоор өлкөнүн саламаттык сактоо системасы үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, курулуш иштерин белгиленген графикке ылайык жүргүзүүнү тапшырды.


Тектеш материалды окуу

Ошто 13.5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат Акчабарда