
Жарыяланган
2025-05-12, 18:03Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндөгү эски бассейндин ордуна «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» үчүн күнөскана курулат. Маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.
Күнөскана салганга 79 млн 903 миң сом жумшалат.
Тендер боюнча арыздар 19-декабрга чейин уланат.
Курулуш иштери келишим түзүлгөндөн кийин 12 күндүн ичинде бүткөрүлүшү керек болот.
