
Жарыяланган
2026-03-02, 10:30Ошто автотранспорт ишканасынын аймагы мамлекеттин балансына кайтарылып берилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2000-жылдардын башында ишкананын мурдагы директору аталган жердин аймагын мыйзамсыз менчиктештирип алган. Андан кийин ал жерди бир нече бөлүккө бөлүп, аны өзүнө жакын адамдардын атына каттаткан.
Тергөө учурунда №1 жүргүнчүлөрдү ташуу автотранспорт ишканасынын мурдагы директору аталган мүлккө болгон менчиги мыйзамсыз экенин түшүнүп, административдик жана чарбалык имараттары бар 1,39 гектар жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берди.

