
Жарыяланган
2026-29-04, 15:55Ош шаарында жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Иш-чарага шаар жетекчилиги, министрликтин өкүлдөрү жана тиешелүү мекемелердин кызматкерлери катышты.
Жаңы борбор жарандарды мыйзамдуу жана коопсуз түрдө чет өлкөдө ишке орноштурууга багытталып, маалыматтык-кеңеш берүү, документтерди даярдоо жана коштоо кызматтарын көрсөтөт.
Мындай шарттар жарандардын укуктарын коргоого, мыйзамсыз миграциянын алдын алууга жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
