Akchabarsearch
Ошто үйү бузулган жарандарга жаңы турак жай берилүүдө

Жарыяланган

2026-23-06, 17:12

Ошто үйү бузулган жарандарга жаңы турак жай берилүүдө

Ош шаарындагы Ош көчөсүн кеңейтүү иштеринин алкагында снос иштери улантылууда. Айрым турак жайлар менчик ээлери тарабынан өз ыктыяры менен бузулууда. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Ал эми жолдун курулушуна тоскоолдук жараткан объектилер шаардык кызматтар тарабынан мыйзам чегинде буздурулууда.

Учурда Ош шаарынын мэриясынын атайын комиссиясы кенемте төлөп берүү маселесин карап жатат. Биринчи этапта үйү толук түрдө бузулган жарандарга кенемте каралган.

Жарандарга “Эне-Сай” жаңы конушунан даяр турак жай же аталган аймактан жер тилкеси берилүүдө. Ушу тапта үйү бузулган жарандар жаңы жайга көчүп жатышат.

Кенемте төлөө тартиби мыйзамга ылайык, ачык-айкын жүргүзүлөт. Жарандардын укуктары толук сакталат. 
 


Тектеш материалды окуу