Akchabarsearch
Ошто мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 68 миң сом айып пул салынды

Жарыяланган

2026-27-01, 16:26

Ошто мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 68 миң сом айып пул салынды

Ошто мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 68 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аң-уулоо эрежелеринин талаптарынын сакталышы жана ок атуучу куралдардын мыйзамдуулугун көзөмөлдөө максатында кезектеги рейд уюштурулду.

Алгач рейд Кара-Суу районунда жүрүп, жыйынтыгында эки жаран аң уулоо эрежелеринин талаптарын бузгандыгы аныкталды. Аларга Укук бузулар кодексине ылайык, 28 миң сомдон айып пул салынды.

Ушул эле рейд Ноокат районунда да өтүп, анда Төөлөс айылынын аймагындагы Жылгын-Сай учаскасында төрт жаран 6 даана сары канат чымчыгын капаста мыйзамсыз кармап жүргөндүгү аныкталды. Натыйжада алардын ар бирине Укук бузулар кодексинин ылайык, 10 миң сомдон 40 миң сом айып пул салынды.

Ошентип жалпы айып пулдун суммасы 68 миң сом болду. Рейддин жүрүшүндө жергиликтүү жарандарга айлана чөйрөнү коргоо жана аң уулоо эрежелерин талаптарын сактоо боюнча түшүндүрү иштери да жүргүзүлдү.


Тектеш материалды окуу