Жарыяланган
2025-15-10, 18:09Ош облусунун Араван районуна караштуу Сырт айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Объекттин тендердик баасы 109 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланууда.
Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттуу курулуп үч блоктон турат.