Akchabarsearch
Оштун Төлөйкөн айылына 57.851 млн сомго маданият үйү салынат

Жарыяланган

2025-16-12, 18:18

Оштун Төлөйкөн айылына 57.851 млн сомго маданият үйү салынат

Ош шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Оштун Төлөйкөн айылына Г.Айтиев атындагы маданият үйүн куруу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Аталган маданият үйү Н.Сайдиев көчөсүндө жайгашат. Аны курууга
57.851 млн сом каралган.

Тендер боюнча арыздар 30-декабрга чейин кабыл алынат.

Тендерди уткан компания курулуш иштерин келишим түзүлгөндөн кийин 120 күндүн ичинде бүтүрүшү керек.

 

 


Тектеш материалды окуу