Akchabarsearch

    Жарыяланган

    2024-05-09, 17:31

    Ата мекендик лифттер кыргыз тилинде «сүйлөй» баштады

    Кыргызстанда биринчи жолу лифт чыгаруучу заводдо жаңы үн менен багыттоо системасы ишке киргизилди. 

    Демилге “SKY Industrial Group” компаниясына таандык. Компания эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте кыргыз аудиофайлдарын иштеп чыгып, лифттин үн системасына  интеграцияланды. 

    Белгиленгендей, лифттер Улуттук кардиология борборунда сыноодон ийгиликтүү өтүп, учурда мындай системалар башка долбоорлордо, анын ичинде “Ынтымак Манас-Ордо” жаңы имаратында да орнотулууда.   
     


    Тектеш материалды окуу