Akchabarsearch
Эт импортуна тарифтик квоталар үчүн арыздар кабыл алына баштады

Жарыяланган

2024-28-10, 14:05

Эт импортуна тарифтик квоталар үчүн арыздар кабыл алына баштады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра ишетүү өнөр жайы министрлиги 2025-жылдын биринчи этабына эттин айрым түрлөрүн импорттоого тарифтик квоталарды бөлүштүрүүгө арыздарды кабыл алуу башталганын билдирди.

Арыздар 2024-жылдын 13-ноябры саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Квоталарды бөлүштүрүү өкмөттүн 2015-жылдын 29-декабрындагы №889 токтомуна жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2024-жылдын 20-августундагы № 99 чечимине ылайык жүргүзүлөт.

Квоталарды бөлүштүрүүгө катышуу үчүн төмөнкү документтердин пакетин көрсөтүү керек: министрликке арыз кат, белгиленген формадагы арыз, тышкы соода келишиминин көчүрмөсү (же тараптардын ниетин тастыктаган документ) , мамлекеттик каттоо документинин көчүрмөсү, арыз ээсинин паспортунун (же ыйгарым укуктуу өкүлүнүн) көчүрмөсү, ишеним каты (зарыл болгон учурда), Ветеринардык кызматтын ишканаларынын реестринен көчүрмө.


Тектеш материалды окуу