
Жарыяланган
2026-19-03, 12:18Жогорку Кеңештин жыйында депутат Болот Сагынаев парламенттин алдында жаш кадрлар мектебин түзүү демилгеси тууралуу маалымат берди.
Эл өкүлү буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Жаштар кеңеши түзүлгөнүн жана төрага Марлен Маматалиевдин жетекчилиги алдында депутаттардын катышуусунда «Жаштар диалогу – 2026» аттуу баарлашуу аянтчасы өткөрүлгөнүн эске салды.
“Бул демилгелер парламент менен жаштардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө, ошондой эле жаш адистерди мамлекеттик башкарууга тартууга багытталган”, – деди Болот Сагынаев.
Анын айтымында, Жаш кадрлар мектебине жогорку окуу жайларынын 3-4-курстарынын студенттери, ошондой эле мамлекеттик башкаруу жана мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө практикалык тажрыйба алуу жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө кызыкдар 25тен 35 жашка чейинки жаш адистер тартылат.
Программа ийгиликтүү аяктаган соң катышуучуларга тиешелүү сертификаттар берилет.
Болот Сагынаев долбоордун негизги максаты – мамлекеттик кызмат үчүн кесипкөй жана компетенттүү жаш кадрларды даярдоо экенин баса белгиледи.

