Akchabarsearch
Патенттин негизинде иштегендерге салыктык каттоо жөнөкөйлөштүрүлдү

Жарыяланган

2025-18-11, 14:12

Патенттин негизинде иштегендерге салыктык каттоо жөнөкөйлөштүрүлдү

Быйыл 29-октябрда күчүнө кирген Салык кодексиндеги өзгөртүүлөргө ылайык, электрондук жол менен патент алган жаран автоматтык түрдө салык органында катталат. Мекемеге барып каттоодон өтүүнүн зарылдыгы жок. 

Патент менен иштеген жеке ишкерлер да тиешелүү аймакта патент алганда дароо автоматтык каттоого алынат.

Ошондой эле патент колдонулган мезгилде мындай ишкерлерге көчмө салыктык текшерүү жүргүзүлбөйт. Башка текшерүү түрлөрү мурункудай эле калат.
 


Тектеш материалды окуу