
Жарыяланган
2026-02-07, 12:05Эми жарандар жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтоо бөлүгүндө 50 миң сомдон ашык каражаты болсо, аны турак жай маселесин чечүүгө пайдалана алышат.
Бул каражат ипотека алуу же үлүштүк курулушка катышуу үчүн колдонулат.
Бул үчүн жаран алгач Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө кайрылып, эсеп боюнча көчүрмө алат. Андан соң банкка же курулуш компаниясына барып, ипотека же үлүштүк курулуш боюнча келишим бар экенин тастыктаган кат алат. Андан кийин бардык документтер Социалдык фондго тапшырылат.
Ипотека боюнча паспорт, нике күбөлүгү (керек болсо) жана банктын тастыктоочу каты талап кылынат. Үлүштүк курулушта кошумча мамлекеттик органдардын жана курулуш компаниясынын расмий маалым каттары керек.
Бул тартип жарандардын пенсиялык топтоолорун турак жай сатып алууга же курулушка пайдаланууга жол ачат.
