
Жарыяланган
2024-05-11, 18:012024-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги жана Түркия Республикасынын соода министрлиги ортосунда продукциянын коопсуздугу жана рынокко көз салууну өнүктүрүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Бул меморандум, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик визити учурунда кол коюлду. Документтин алкагында, продукциянын коопсуздугу жана рынокко көз салуу боюнча кызматташтыкты күчөтүү максатында билим, тажрыйба жана эксперттер менен кыска мөөнөттө алмашуу жүргүзүлөт. Алардын ичинен төмөнкү багыттар каралган: - Продукциянын коопсуздугу боюнча мыйзамдар тууралуу маалымат алмашуу; - Рынокко көз салуу чөйрөсүндө маалымат жана тажрыйба алмашуу; - Сапат инфраструктурасы жөнүндө маалымат жана тажрыйба алмашуу; - Тиешелүү мекемелердин кызматкерлери үчүн сапат инфраструктурасы жана рынокко көз салуу жаатында окутуу программаларын уюштуруу. Ошондой эле, продукциянын коопсуздугу жана рынокко көз салуу жаатындагы негизги маселелерди талкуулоо жана келечектеги кызматташуу пландарын иштеп чыгуу үчүн жогорку деңгээлдеги жетекчи комитетин түзүү пландаштырылууда.



