Жарыяланган
2025-14-07, 13:36Министрлер кабинети саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, 2025-жылдын 1-майынан тарта техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын, анын ичинде кенже медициналык кароочулардын, санитарлардын, тез жардам айдоочуларынын жана башка медицина мекемелеринин ишин камсыздаган кызматкерлердин айлык маянасы 20%га жогорулады.
Мисалы, эгер мурда кенже медайымдын айлыгы 13 миң 240 сом болсо, азыр ал 15 миң 606 сомду түзөт.
Ал эми атайын сигнал орнотулган тез жардам унаасынын айдоочусу мурда 21 миң 597,2 сом алса, азыр анын айлыгы 26 миң 499,2 сомго жогорулады.
Бул чараны ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 500,9 млн сом каралып, 16 миң 286 техникалык жана кенже кызматкердин эмгек акысын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.