Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-03-09, 10:52

Бүгүн кыргыз-кытай «Бедел» өткөрмө бекети ачылат

Бүгүн кыргыз-кытай чек арасында "Бедел" өткөрмө бекетинин ачылышы болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.  
 
Маалыматка ылайык, "Бедел" өткөрмө бекети Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда кыргыз-кытай чек арасында жайгашат.  
 
“Бул чыныгы тарыхый окуя, биздин улуу коңшубуз, жакын жана ишенимдүү өнөктөшүбүз – Кытай менен стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн өнүгүшүндөгү маанилүү кадам болуп саналат, бул биздин мамилелерибиздин өнүгүшүндөгү жаңы этапты билдирет”, - деди өлкө башчы.   
 
Буга чейин кабарлангандай, эки өлкөнүн чек арасында алгач убактылуу пост салынып, 2026-27-жылдарга чейин ЕАЭБдин талаптарына жооп бере турган бекет курулат. Аны курууга 77,8 млн сом кетет деп пландалууда. Аны менен бирге Ысык-Көлдөн Кытайга кеткен “Барскоон – Үч-Турпан – Аксу” жолу салынары күтүлүүдө. Учурда аталган жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалууда.
 


Тектеш материалды окуу