Akchabarsearch
Президент өлүм жазасын киргизүү боюнча сунушту Конституциялык сотко жөнөттү

Жарыяланган

2025-03-12, 09:49

Президент өлүм жазасын киргизүү боюнча сунушту Конституциялык сотко жөнөттү

Президент өлүм жазасын киргизүү боюнча сунушту Конституциялык сотко жөнөттү. Бул тууралуу Конституциялык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар жана зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн караган өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Материалда белгиленгендей, бул балдарга жана аялдарга каршы жасалган өзгөчө оор кылмыштардын санынын өсүшүнө байланыштуу көтөрүлгөн. Мындай демилге алардын конституциялык-укуктук жактан корголушун күчөтүүгө багытталган.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин өлүм жазасын киргизүү маселесин көтөргөн.


Тектеш материалды окуу