
Жарыяланган
2026-27-02, 12:43Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматтын жетекчилери жакындарын жумушка алса чара көрүлө турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-февралда республикалык кеңешмеде билдирди.
Ал жетекчилерин мыйзамдуу иштөөгө чакырды.
"Мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине коё турган талабым бар. Мамлекеттик кызматтарга жумушка алууда өкүл балам, жээним, тайкем, кудам же жердешим деген мыйзамга жат одоно катачылыктар болбошу керек. Эгерде ушундай мыйзамсыз, адилетсиз жагдайлар аныкталса, мыкты жетекчи экениңерге карабай тишелүү жазаңарды аласыңар", - деди президент.

