
Жарыяланган
2026-25-05, 16:56Президенттик фонд жана Жогорку Кеңештин төрагасынын фонду республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүлүп, өлкө бюджети бекитилген учурда эле каралат. Бул тууралуу Каржы министри Руслан Сүйүналиев билдирди.
Анын айтымында, мындай фонддорду түзүү үчүн бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн белгилүү бир пайыздар каралган.
«Бюджет бекитилгенде чыгаша бөлүгүнөн белгилүү пайыздар бөлүнөт. Ошонун эсебинен президенттик фонд, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасынын фонду түзүлөт. Бул каражаттардын баары бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн алынат», — деп түшүндүрдү министр.
Ал бардык каражаттар расмий бюджеттик жол-жоболор аркылуу, анын ичинде казына системасы аркылуу өтөрүн белгиледи. Министрдин айтымында, бул механизм ачык-айкын жүргүзүлөт.
«Мунун баары ачык-айкын жүргүзүлөт, республикалык бюджет жана казына аркылуу өтөт. Президенттин тиешелүү тескемелери бар», — деди Каржы министрлигинин башчысы.
Ошол эле учурда министр фонддордун так көлөмү жана аларды түзүүгө канча пайыз бөлүнөрү тууралуу так маалымат берген жок.
