Akchabarsearch
Токтогулда соода борборун салууда курулуш эрежелери бузулганы аныкталды

Жарыяланган

2025-28-10, 09:35

Токтогулда соода борборун салууда курулуш эрежелери бузулганы аныкталды

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында Бишкек – Ош жолунун боюнда салынып жаткан соода борборунун курулуш иштери текшерилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Эки кабат болуп тургузулуп жаткан соода борборду салууда курулуш нормалары жана эрежелери бузулганы аныкталган. Ага байланыштуу объектинин ээсине айып салынган. Туура эмес коюлган кыш менен пеноблоктор буздурулуп, кайра талапка ылайык коюу боюнча эскертүү берилген.


Тектеш материалды окуу