Akchabarsearch
    Суусамыр – Талас – Тараз жолунда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

    Жарыяланган

    2025-01-08, 12:47

    Суусамыр – Талас – Тараз жолунда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

    Суусамыр – Талас – Тараз жолунда реконструкциялоо иштери (IV фаза)  башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. 

    Учурда жол жээгин тегиздөө, кеңейтүү, суу түтүктөрүн жылдыруу, бетон электр мамычаларын демонтаждоо иштери уланууда.   

    Жеринде 80ден ашык атайын техника (жумушчу жана техниканын саны күндɵ кɵбɵйүүдɵ), 65 жумушчу иш алып барууда. Долбоордун алкагында 2 асфальт-бетон завод, 1 бетон завод, 2 таш талкалоочу жабдыкты орнотуу иштери жүрүүдɵ. 

    Жалпысынан реконструкция боло турган жолдун узундугу 93 чакырымды түзөт. Ал Талас шаарынан башталып "Кичи-Капка" кɵзɵмɵл өткөрмө бекетине чейин барат. Курулуш иштери 2025–2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Жолдун сапатына 5 жылдык кепилдик берилет.

    Долбоордо 6 кɵпүрɵнү реконструкциялоо, жер алдынан ɵтүүчү 1 ɵтмɵк, калк жайгашкан жерлерде тротуар салуу, жарыктандыруу орнотуу каралган. Жолдун учурдагы III техникалык категориясы II техникалык категорияга чейин көтөрүлөт.  


    Тектеш материалды окуу