Akchabarsearch
Раззаковго учкан Asman Airlines учагы  техникалык себептерден улам кайра Бишкекке конду

Жарыяланган

2026-09-07, 12:48

Раззаковго учкан Asman Airlines учагы техникалык себептерден улам кайра Бишкекке конду

Бишкек — Раззаков багыты боюнча учкан Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы техникалык себептерден улам кайра “Манас” аэропортуна кайтууга аргасыз болду. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учак Бишкектеги эл аралык аэропортко коопсуз конгон. Конгондон кийин аба кемеси рулдук тилкеден атайын сүйрөөчү техника менен чыгарылган.

«Кыргызстан аэропорттору» ААКсы окуя боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилерин белгиледи.
 


Тектеш материалды окуу