Жарыяланган
2025-03-01, 15:042027-жылдын аягына чейин Нарын облусунда заманбап дүң жана чекене соода комплекси ачылат, ал “Хоргос” (Казакстан – Кытай), “Дордой” (Кыргызстан) жана “Абу-Сахиядан”(Өзбекстан) кийин аймактагы төртүнчү ири хаб болуп калат.
Аянты 129,9 миң чарчы метр болгон комплекс эл аралык стандарттарга жооп берген инфраструктураны сунуштайт. Анын курамына алымсыз режим жана бажы жеңилдиктери бар зоналар, логистика үчүн акысыз кампалар, көп функциялуу соода павильондору, көргөзмө залдары жана конокторду жайгаштыруу үчүн аймактар кирет.
“Ат-Башы” МЖӨ долбоорунун директорунун орун басары Руслан Алыбаевдин айтымында, жаңы комплекстин жүгүртүүсү алгачкы үч жылда жыл сайын 100 миллион долларды түзөт, андан кийин 200 миллион долларга чейин көбөйөт.
“Борбор Ozon, Yandex Market, Alibaba, Pinduoduo, Taobao, Wildberries, Avito, Satu сыяктуу дүйнөлүк базарлар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кытайлык Temu платформасы менен келишим түзүүгө азыртадан даярданып жатат. Бул акыркы керектөөчүлөр үчүн тездетилген жеткирүүлөрдү, сатуучулар үчүн чыгымдарды азайтууну жана кыргызстандык ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү камсыздайт”, - деди ал.