Жарыяланган
2025-17-04, 18:01Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын 16 жаранына эмгек акысын алууга жардам берди. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 16 жараны "СПС-К" компаниясы 2 млн 293 миң рубль айлык акысын бербей жатканы боюнча өкүлчүлүккө жамааттык кайрылуусун жолдошкон.
Өкүлчүлүктүн кызматкерлери аталган компания менен сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында эмгек акы боюнча карыз толугу менен төлөнүп берилген.
Россиянын аймагында жүргөн мекендештердин эмгек укуктарын коргоо боюнча ишти улантып жатканын билдирген өкүлчүлүк эмгек укуктары бузулган учурда аларга кайрылууга чакырат.