Akchabarsearch
Россиядагы мигранттар Кыргызстанга 3.23 млрд доллар которгон

Жарыяланган

2026-10-03, 16:50

Россиядагы мигранттар Кыргызстанга 3.23 млрд доллар которгон

2025-жылы Россиядан Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү кыйла өстү. Статистикалык маалыматка ылайык, жеке жактар Россиядан Кыргызстанга 3.23 млрд доллар которгон. Ал эми бул көрсөткүч 2024-жылы 2.78 млрд долларды түзгөн.

Натыйжада бир жыл ичинде акча которууладын көлөмү 448 млн долларга, же дээрлик 16%га көбөйгөн.

Россия Кыргызстан үчүн мурдагыдай эле акча которуулардын негизги булагы бойдон калууда. Жалпысынан 2025-жылы КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга 3.29 млрд доллар акча которулган.

Жалпы жыйынтык боюнча, 2025-жылы Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан акча которуулардын көлөмү 3.49 млрд долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылы 2.99 млрд доллар болгон.

Акча которуулардын өсүшү көбүнчө эмгек мигранттарынын кирешелеринин көбөйүшү менен байланыштуу. Кыргызстан экономикасы үчүн мындай каражаттар ички керектөө суроо-талабын колдоочу негизги булактардын бири бойдон калууда.
 


Тектеш материалды окуу