Akchabarsearch
Россиянын онлайн-брондоо кызматы Кыргызстандагы 14 мейманкананы мыкты деп атады

Жарыяланган

2026-04-02, 09:55

Россиянын онлайн-брондоо кызматы Кыргызстандагы 14 мейманкананы мыкты деп атады

Россиянын «Островок» онлайн-брондоо кызматы бешинчи жолу өткөрүлгөн "Guests’ Choice 2025" сыйлыгынын жыйынтыгын жарыялады. Аталган рейтингге Бишкек жана Ош шаарларынан 14 мейманкана жана чакан конок үйлөрү кирди.

Рейтингге кирген бардык объектилер төмөнкү негизги талаптарга жооп берген: коноктордун орточо баасы 10 упайдын ичинен 9дан төмөн эмес, алдын ала брондоолордун көп саны, ошондой эле тейлөө процессинде көйгөйлүү учурлардын аз болушу.

Алдыңкы орунду ээлеген мейманканалар:

•    City Bishkek, Бишкек — 9.5
•    Solutel, Бишкек — 9.5
•    «Европа», Бишкек — 9
•    Futuro, Бишкек — 9.6
•    Арт-отель, Бишкек — 9.6
•    «Акжола», Бишкек — 9.5
•    Duo Hotel by Futuro, Бишкек — 9.5
•    Ambassador, Бишкек — 9.2
•    Смарт-отель, Бишкек — 9
•    Freedom Bishkek Hotel, Бишкек — 9.4
•    Oasis Residence, Бишкек — 9.4
•    TourAsia, Бишкек — 8.9
•    Demar, Бишкек — 9
•    ABS Guest House Osh, Ош — 9

Жалпысынан 2025-жылкы рейтингге Россия, Беларусь, Грузия, Абхазия, Армения, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан 3.7 миңден ашык мейманкана жана конок жайы кирген.

Башка өлкөлөр боюнча толук тизмени көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу көрүүгө болот.
 


Тектеш материалды окуу