Жарыяланган
2025-08-09, 10:27Быйыл жыл башынан 1-сентябрга чейин 91 миң 188 жаңы төрөлгөн балага “Балага сүйүнчү” жөлөкпулу берилди. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Жалпысынан 365 млн 994 миң сом бөлүнүп, анын ичинде 27 үч эмге 1 млн 350 миң сом төлөндү. Бир балага 4 миң сом, ал эми үч эмге ар бирине 50 миң сомдон берилет.
Былтыр ушул мезгилде 96 миң 934 балага 388 млн 9 миң сом сүйүнчү акча берилген.
Жөлөкпулду алуу үчүн ата-энелер калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалды каттоо органдарына кайрылышы керек. Акчаны РСК же Айыл банктын каалаган филиалынан арыз бергенден кийин алты ай ичинде алышы зарыл.
"Балага сүйүнчү" төлөмүн алуу үчүн жеке паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк керек.