Akchabarsearch
Сентябрдан баштап Каракол — Алматы — Каракол эл аралык автобус каттамдары жүрүп баштайт

Жарыяланган

2025-26-08, 18:00

Сентябрдан баштап Каракол — Алматы — Каракол эл аралык автобус каттамдары жүрүп баштайт

Сентябрдан тарта «Кеген» көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу Каракол — Алматы — Каракол эл аралык автобустар кайрадан каттап баштайт. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Бул каттамдар совет учурунда иштеп келген, бирок кийин ар кандай себептер менен токтотулган. Эми болсо, автобустар жыл бою иштейт.

«Учурда Транспорт министрлиги казак кесиптештери менен макулдашылган автобус каттамдарын калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүп жатат. Бул чечим эки өлкөнүн лидерлери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин макулдашуусунун негизинде кабыл алынды», — деп жазды ал.
 


Тектеш материалды окуу