Жарыяланган
2025-21-04, 15:20Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде расмий сапары менен Бахрейнге барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаровду Манама шаарындагы «Бахрейн» эл аралык аэропортунан өлкөнүн тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий адамдар тосуп алган.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа, Бахрейндин Консультативдик кеңешинин төрагасы Али бин Салех Аль Салех жана башка расмий адамдар менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкулайт.
Эки өлкө ортосунда бир нече документке кол коюлары мерчемделүүдө.
Садыр Жапаров Бахрейнге падыша Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу менен барды.