
Жарыяланган
2026-31-08, 10:40Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 31-август Эгемендүүлүк күнү жана Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы менен куттуктады.
Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда эгемендүүлүк ата-бабалардан калган баа жеткис мурас экенин белгилеп, аны келечек муундарга өткөрүп берүү ар бир жарандын милдети экенин айтты.
Жапаров өлкөдө экономика өнүгүп, Кыргызстан эл аралык аренада өзүнүн аброюн бекемдеп жатканын белгиледи. Ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин убактылуу мүчөлүгүнө шайлануу боюнча Кыргызстан жүздөн ашуун мамлекеттин колдоосуна ээ болгонун айтты.
Ошондой эле президент быйыл Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммити менен катар белгиленип жатканын белгиледи. Мындан тышкары, «Ырыс-Ордо» жана «Бишкек-Арена» сыяктуу ири долбоорлор ишке ашканын айтты.
Президент кыргызстандыктарды өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга, билимге умтулууга, таза эмгектенүүгө жана улуттук биримдикти бекемдөөгө чакырды.
«Биздин башка Мекенибиз жок, Кыргызстан — биздин жалгыз үмүтүбүз жана түбөлүк куттуу жайыбыз!» — деди ал.
Жапаров сөзүнүн соңунда кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, эркиндиктин түбөлүктүү болушун каалады.
