Akchabarsearch
Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү

Жарыяланган

2026-19-03, 15:48

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү

Президент Садыр Жапаров 19-мартта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын фонунда өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Анын ичинде азык-түлүк жана энергетика тармактарындагы коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү өлкөнүн стратегиялык объекттеринин тизмеси боюнча сунуштарын беришти.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тиешелүү тапшырмалар берилди.


Тектеш материалды окуу