Akchabarsearch
Садыр Жапаров Кумтөрдө жер астынан алтын казуу долбоорун баштап берди

Жарыяланган

2025-27-08, 14:01

Садыр Жапаров Кумтөрдө жер астынан алтын казуу долбоорун баштап берди

Бүгүн, 27-августта, Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кумтөр Голд Компани» ишканасында жер астынан алтын казуу долбоорун баштап берди.

Мамлекет башчысы Кумтөр кенинин мамлекетке кайтарылышын соңку жылдардагы маанилүү окуялардын бири катары белгилеп, 2022-жылдын 23-августунда Кумтөрдүн тагдыры Кыргызстан тарапка чечилип, ишкана 100% мамлекеттик менчикке өткөнүн эске салды.

“Кумтөрдө жер астынан алтын казуу долбоорунун ишке берилиши - бул айлана-чөйрөнү, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган мөңгүлөрүбүздү сактап калуудагы эң маанилүү кадам», - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы
 


Тектеш материалды окуу