Akchabarsearch
    Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон чек арага байланыштуу протоколго кол коюшту
    Сүрөт алынган жер: Президенттин басма сөз кызматы

    Жарыяланган

    2025-31-03, 11:55

    Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон чек арага байланыштуу протоколго кол коюшту

    Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери бүгүн ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшту. Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон Худжанд шаарында жолугушту.

    Бул документ эки өлкө ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди юридикалык жактан бекемдеп, чек араны толук демаркациялоо жана чек арага чектеш райондордо ынак коңшулаштыкты чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзө турганы белгиленди.

    Белгилеп кетсек, президент Жапаров 31-мартта иш сапары менен Тажикстандын Худжанд шаарына барды. Анын алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттеринин үч тараптуу саммитин өткөрүү пландалууда.


    Тектеш материалды окуу