Akchabarsearch
«Кайыңды-Кант» заводу облигацияларды биржага жайгаштырды
Сүрөт алынган жер: иллюстративное

Жарыяланган

2024-17-12, 10:14

«Кайыңды-Кант» заводу облигацияларды биржага жайгаштырды

16-декабрда Кыргыз фондулук биржасында "Кайыңды-Кант" заводунун облигацияларын жайгаштыруу боюнча алгачкы бүтүм өттү.

Анын алкагында төрт бүтүм түзүлүп, инвесторлор бир нускасы 1 миң сомдук номиналдуу 2 миң 565 облигацияны сатып алышкан. Чогулган каражаттын жалпы көлөмү 2 млн 565 миң сомду түздү.

11-ноябрда "Кайыңды-Кант" заводу 2027-жылдын ноябрь айына чейинки кирешелүүлүгү 18% жылдык 50 миң облигация чыгарган. Кыргыз фондулук биржасынын Листингдик комитетинин 20-ноябрдагы чечими менен комбинаттын пайыздык номиналдык облигациялары "В" категориясы боюнча листингге киргизилген.


Тектеш материалды окуу