Akchabarsearch
Салык кызматы 21 миңден ашык иштебеген бизнести мажбурлап жабат

Жарыяланган

2026-23-04, 14:57

Салык кызматы 21 миңден ашык иштебеген бизнести мажбурлап жабат

Кыргызстанда 21 миңден ашык иштебеген компания жана жеке ишкер жакын арада каттоодон мажбурлап чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы тизмеге жалпы 21 миң 584 салык төлөөчү кирди. Анын ичинен 8 миң 712си компаниялар, ал эми 12 миң 872си жеке ишкерлер.

Тизме жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөн соң, салык органдары аларды расмий жабуу жол-жобосун баштайт. Эгер бул аралыкта чара көрүлбөсө, компаниялар жоюлуп, жеке ишкерлер каттоодон чыгарылат.

Бул мөөнөт ичинде кредиторлор жана башка кызыкдар тараптар тиешелүү негиздер болсо, жабуу процессин токтотууну арыз аркылуу салык органдарына кайрыла алышат.

Тизмеге негизинен узак убакыт иштебеген жана салык отчетторун тапшырбай калган субъекттер кирген. 

Салык төлөөчүлөр бул тизме менен салык кызматынын расмий сайтындагы «Башка бөлүмдөр» бөлүмүнөн же көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу тааныша алышат.


 


Тектеш материалды окуу