
Жарыяланган
2026-20-02, 12:30Салык кызматы электрондук соода аянтчалары аркылуу соода жүргүзүүдө колдонулуучу электрондук эсеп-фактуранын жаңы формасын ишке киргизди. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул форма товарларды Кыргызстандын аймагынан ташып чыгуунун алдында таризделет жана маркетплейс аркылуу экспортко жөнөтүлө турган товарларды коштоочу документ катары гана колдонулат. Мындай эсеп-фактураны тариздөө товарды сатуу катары эсептелбейт жана салыктык милдеттенмелерди жаратпайт.
ЭЭФти тариздөө үчүн салык төлөөчү маалыматтык системадагы «маркетплейстер үчүн ЭЭФ» бөлүмүнө кирип, «Кошуу» баскычын басуу аркылуу бардык талап кылынган маалыматтарды толтурушу керек. Белгиленгендей, бул форматта таризделген эсеп-фактураны оңдоого же жараксыз деп таанууга болбойт.
Жаңы форма бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана товарларды өлкөдөн үзгүлтүксүз экспорттоону камсыздоо максатында киргизилди.
