Akchabarsearch
Салык кызматы жеке ишкердикти кантип токтотуу керектигин түшүндүрдү

Жарыяланган

2025-05-12, 15:18

Салык кызматы жеке ишкердикти кантип токтотуу керектигин түшүндүрдү

Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкердикти кантип токтотуу керектигин түшүндүрдү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жеке ишкердикти жоюу үчүн катталган жери боюнча салык органына ишкердик ишти токтотуу жөнүндө арыз берүү керек.

Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

  • салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгарууга арыз (DOC STI-164 формасы);
  • өздүгүн тастыктаган документ;
  • салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жоюу отчетторун, ошондой эле эгерде салык төлөөчү берүүдөн бошотулбаган болсо - бирдиктүү салык декларациясын.

Эгерде ишкер контролдук-кассалык машинаны колдонсо, аны эсептен чыгарып, техникалык тейлөө борборунан маалымкат берүү зарыл.

Арыз берилгенден кийин салык отчёттуулугун жана транзакциялык иш-аракеттерди текшерүү жүргүзүлөт. 

Салык милдеттенмелери жок болгон учурда салык органы 15 жумушчу күндүн ичинде жоюу жөнүндө чечим чыгарат жана аны салык төлөөчүгө тапшырат.

Салык милдеттенмелеринин тобокелдиктери аныкталган учурда көчмө салыктык текшерүү дайындалат. Анын жыйынтыгы боюнча жоюу жөнүндө чечим кабыл алынат.

Мамлекеттик салык ызматы ишмердик ишти токтотуу жол-жобосу аяктаганга чейин ишкер жаңысын каттай албай тургандыгын билдирет.


Тектеш материалды окуу